Жаңылыктар

3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлай, 6-декабрь күнү Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү.

09.12.2024  15:00     Кароолор (23)

3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлай, 6-декабрь күнү Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү.

Ага Талас шаарында жашаган майыптыгы бар адамдар чакырылып, азык-түлүк баштыктары таратылды. Мындан тышкары, демөөрчүлөр тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Иш-чарага калаа башчы Байышбек Астанакулов, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов катышты.

Анда Талас шаарында өткөрүлүп жаткан ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, материалдык жардамдарын көрсөтүп келе жаткан демөөрчүлөр Эшеналиева Жумабүбү, Бейшекеева Кулжакан жана Жороева Эльвира Талас шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Буга кошумча Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Талас шаарынын мэриясы тарабынан майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата азык-түлүк салынган 80 баштык даярдалып, анын 18и басып-туруу мүмкүнчүлүгү жок төшөктө жаткан жарандар болгондуктан үйлөрүнө жеткирилип берилген.