Жаңылыктар

31-мартта Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз XIV сессиясы болуп өттү.

31.03.2026  16:00     Кароолор (9)

Сессияга Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Күн тартибинде эки маселе каралып, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, шаар ичиндеги айрым көчөлөрдү оңдоо боюнча тизмени макулдашуу жана А.Оторбаев көчөсүнүн №38 дарегиндеги жер тилкесинин багытын өзгөртүү маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине 1 млрд 90 млн. сом өлчөмүндө максаттуу каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду капиталдык оңдоого жана курууга, ал эми 180 млн. сом лизинг аркылуу 30 даана электробусту сатып алууга багытталды.