Жаңылыктар

59-кварталда жаңы салынып бүткөн №118 көп кабаттуу үйдүн аймагындагы балдар аянтчасын жеринен көрүштү

04.03.2026  10:49     Кароолор (4)

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, орун басары Алибий Джуманов, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, мэрдин орун басары Айбек Көчөрбаев жана шаардык кеңештин депутаттары 59-кварталда жаңы салынып бүткөн №118 көп кабаттуу үйдүн аймагындагы балдар аянтчасын жеринде көрүштү.

Аталган аянтчанын орнотулушу, курулуш иштеринин сапаты жана коопсуздук талаптарына шайкештиги каралып, тиешелүү адистер менен пикир алышуу болду. Жолугушууда балдар ойноочу жабдуулардын абалы, бекемдиги жана жалпы шарттары текшерилди.

Жыйынтыгында аянтчанын айланасын көрктөндүрүү максатында жашыл аймак түзүү, жаңы отургучтарды жана кум салгычтарды орнотуу, ошондой эле балдар ойноочу жайдын алдына кум төшөө боюнча тапшырмалар берилди.