Жаңылыктар

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өттү

06.03.2026  10:58     Кароолор (4)

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде майрамдык кече өттү.

Иш-чарага Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев катышып, кыргыз айымдарынын жана энелердин коомдогу ордун, эмгегин жогору баалап, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалады.

Майрамдын алкагында Талас шаарынын өнүгүшүнө кошкон зор салым кошкон бир катар айымдар сыйланды. Ошондой эле шаардын маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланды.