Кымбаттуу мекендештер!
Бүгүн биз тарыхтын татаал сыноосунан өтүп, тынчтыкка жол ачкан Улуу Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз. Бул майрам — баатырдыктын, биримдиктин жана туруктуулуктун символу.
Биз согуш талаасында курман болгон аталарыбыздын элесине таазим кылып, арабызда жүргөн ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эрдигиңиздер — биз үчүн түбөлүктүү үлгү!
Талас шаарынын ар бир үйүндө майрамдык маанай, токчулук жана бакубатчылык өкүм сүрүшүн каалайм. Жеңиш күнүңүздөр менен!
Урматым менен,
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков