Жаңылыктар

"ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ" СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

11.02.2025  17:50     Кароолор (14)

11-февраль күнү, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адиси тарабынан семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын социалдык секторунун кызматкерлери, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө онкологиялык оорулардын келип чыгыш себептери, алардын алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берилди. Адистер ооруларды алдын алууда туура тамактануу, дени сак жашоо образын алып баруу жана өз убагында медициналык кароодон өтүү маанилүү экенин баса белгилешти. Ошондой эле, учурда күч алып жаткан кызамык жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Бул оорулардан сактануу үчүн иммунитетти чыңдоо, жеке гигиенаны сактоо жана убагында эмдөөдөн өтүү керектиги айтылды.

Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар кызыккан суроолорун берип, адистерден кеңири жоопторду алышты. Иш-чаранын соңунда маалыматтык баракчалар таратылып, ден соолукту сактоо боюнча негизги сунуштар берилди.