Кыргыз элинин улуу жазуучусу, ойчулу жана мамлекеттик ишмери, адабиятка зор салым кошуп, чыгармаларында адамдын тагдыры, жаратылыш менен мамилеси, коомдук көйгөйлөр жана руханий баалуулуктар сыяктуу темаларды терең ачып берген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү.
Бүгүн, 12-декабрда Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясында жайгашкан Чынгыз Айтматовдун эстелигинин алдына облус жетекчиси Эрмат Джумаев , шаар мэри Байышбек Астанакулов жана облустагы мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда митинг-реквием болуп, гүлчамбар коюлду.
Андан соң, Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Талас шаарындагы мектептер жана окуу жайлар тарабынан көргөзмө уюштурулду. Ал эми маданият өкүлдөрү тарабынан Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырылган коюм көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Чынгыз Айтматовдун эмгектери адамзаттык баалуулуктарды жана кыргыз маданиятын чагылдырып, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын алтын казынасына айланган.