Жаңылыктар

"КҮЧ БИРДИКТЕ" ТЕГЕРЕК СТОЛУ БОЛУП ӨТТҮ

04.02.2025  18:33     Кароолор (22)

Бүгүн, 4-февраль күнү, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында «Күч бирдикте» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас шаардык ИИБнин кызматкерлери, облустук казыят кызматы жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Тегерек столдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо, эрте никеге турууну болтурбоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттер талкууланды.

Талас шаарында  2023-жылы зордук-зомбулуктун 109 учуру катталса, 2024-жылы 67 учур катталып, салыштырмалуу 42 учурга азайган. Бул алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуу жүрүп жатканын көрсөтөт. Калк арасында өткөрүлгөн 49 жыйын, 9 тегерек стол, видеокөзөмөл орнотуу, жана билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн алдын алуу иштери өз жемишин берүүдө.

Ошондой эле, ысырапкорчулукка каршы аракеттер да активдүү жүрүп, 2024-жылы 112, ал эми 2025-жылдын башынан бери 11 жыйын өткөрүлгөн. Бул иш-чаралар калктын социалдык көйгөйлөргө болгон мамилесин өзгөртүүгө жана жалпы коомдун жакшыртуусуна багытталган.