Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-декабрындагы №369 Жарлыгын ишке ашыруу максатында улуттук мурастарды даңазалоого багытталган маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Анын алкагында, Талас шаарынын мэриясында “Унутта калган кийим буюмдарын өркүндөтүү” аттуу практикалык мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун Талас облусундагы координатору К. Байматова жетектеп, ага мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын студент кыздары катышты. Жалпысынан 25 аял катышкан бул иш-чарада улуттук кийим жасоо ыкмалары үйрөтүлүп, кол өнөрчүлүккө кызыккан жаштар үчүн пайдалуу тажрыйба болду.
Иш-чаралардын негизги максаты – улуттук биримдикти бекемдөө, кыргыз элинин материалдык жана руханий мурастарын келечек муунга өткөрүү, ошондой эле эне мурасты сактап, өркүндөтүүгө жигердүү салым кошуу болуп саналат.
Мындан тышкары, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте кыргыз элинин салт-санаасы жана улуттук мурастары боюнча тегерек столдор жана окуу-семинарлар уюштурулуп, жаш муунга улуттук баалуулуктарды сиңирүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.