Жаңылыктар

АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ ТАЛАСТАГЫ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

24.07.2026  17:33     Кароолор (58)

24-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарындагы бир катар курулуш объектилеринен кабар алды.

Адылбек Касымалиев  «Баластан» оюн-зоок борборунун курулушунун жүрүшү, ошондой эле асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын соңунда МИНКАБ Төрагасы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, объектилерди өз убагында пайдаланууга берүүнү тапшырды.