Жаңылыктар

Аэропортко бараткан жолго гүл челектер орнотулду

10.07.2025  14:00     Кароолор (2)

Талас шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда. Шаар меймандары жана тургундары үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында, аэропортко алып баруучу негизги жолдун боюна заманбап гүл челектер орнотулду.

Гүлдөрдүн түсү жана жайгашуусу айлана-чөйрөгө кооздук тартуулап, жол боюн көркүнө чыгарып турат. Бул иш-чара шаардын тазалыгын, жашыл аймактарын сактоо жана өркүндөтүү боюнча аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.