Жаңылыктар

Айбек Суйунтбеков Талас облусунун кичи-футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды

06.08.2025  14:08     Кароолор (9)

2025-жылдын 6-августунда Талас шаарында футболду өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп өттү.

Иш-чарага футбол боюнча машыктыруучулар, ардагерлер, оюнчулар, ошондой эле Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз Футбол Союзунун Талас облусу боюнча аймактык өкүлү, Талас шаарынын дене тарбия жана спорт секторунун өкүлдөрү жана “Семетей-Талас” футбол клубунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында аймактагы клубдук футболду өнүктүрүү маселелери талкууланып, Талас облусунун мини-футбол ассоциациясынын жаңы президентин шайлоо маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгы менен Талас облусунун мини-футбол ассоциациясынын президенти болуп Суйунтбеков Айбек Озубекович бир добуштан шайланды.