Жаңылыктар

Айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү

22.11.2025  17:25     Кароолор (15)

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Төрөбаев тарабынан азык-түлүктөрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө, бааларды туруктуу кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча берилген тапшырманын алкагында аймактарда айыл чарба жарманкелерин үзгүлтүксүз уюштуруу иштери улантылууда.

Ошонун негизинде 2025-жылдын 22-ноябрында саат 10:00дө Талас шаарындагы А. Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдында Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманкеге район жана шаар аймагындагы дыйкан-фермерлер, өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер катышып, өздөрүнүн продукцияларын мамлекет тарабынан бекитилген туруктуу баада алып чыгып, жергиликтүү тургундарга сунушташты.

Иш-чаранын негизги максаты — жарандарды сапаттуу азык-түлүктөр менен камсыз кылуу, социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү болуп саналат.