Талас шаарындагы Кырк-Чоро кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин жаш окурмандар үчүн жаңыланган дизайндагы китебинин бет ачары өттү.
Жаңы басылма Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонд менен “Альянс Алтын” компаниясынын биргелешкен демилгеси аркылуу жарык көрдү. Китепке “Ак кеме” чыгармасынан сырткары дагы үч чыгарма камтылган.
Иш-чарага залкар жазуучунун уулу Эльдар Айтматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, жаш окурмандар жана мугалимдер катышты.
Жалпы 1000 даана китеп Талас облусундагы билим берүү мекемелерине жана облустук китепканага тапшырылды.
Бет ачар аземинде “Ак кеме” чыгармасынан үзүндү көрсөтүлүп, көркөм окуулар жана маданий программа тартууланды. Эльдар Айтматов жаштарды Айтматовдун чыгармаларын терең окууга, андагы тарбиялык маанини жана жаратылышка болгон сүйүүнү түшүнүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы билим берүү жана маданият тармагындагы долбоорлорду туруктуу колдоп келет.