Жаңылыктар

Алдыдагы шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

25.09.2025  11:04     Кароолор (15)

Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чарага КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нургазы Чолпонкулов, БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев, БШКнын облустагы өкүлү Абдыкадыр уулу Нурболот жана Талас шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев ошондой эле райондордогу шайлоо өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда шайлоо өнөктүгүн уюштуруу, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, добуш берүү тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат берилди. Ошондой эле жаңы технологиялардын жардамы менен жарандар өлкөнүн каалаган жеринен катталган жери боюнча аралыктан добуш бере ала тургандыгы айтылды.

Иш-чарада шайлоо чектери, добуштарды коопсуз өткөрүү жана техникалык процесстер боюнча суроо-жооптор болду.