Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбековдун жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү.
Жыйында шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, мекеме-ишканалардын кыш мезгилине даярдыгы, ошондой эле жарандардын арыз-кайрылууларын өз убагында карап, тиешелүү жоопторду берүү маселелери талкууланды.
Шаар мэри тиешелүү жетекчилерге кышка даярдыкты күчөтүү, жылуулук системаларын жана социалдык объектилерди сапаттуу даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.