Жаңылыктар

Апрель революциясына 16 жыл

06.04.2026  13:00     Кароолор (12)

Бүгүн, Талас шаарында 7-Апрель элдик революциясы күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Митинг реквиемге КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Апрель окуясынын катышуучулары, курман болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасында Апрель революциясында курман болгон баатырлардын эстеликтерине гүл чамбарлар коюлуп, куран окутулду.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында улантылып, баатырлардын эрдиги сахнада даңазаланды.

Жыйынтыгында Апрель Элдик коолаңынын катышуучуларына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Талас шаарынын мэринин атынан атайын сыйлыктар тапшырылды.