Жаңылыктар

Ардактуу карыялар, кадырлуу ата-апалар!

01.10.2026  15:16     Кароолор (34)

Ардактуу карыялар, кадырлуу ата-апалар!

   Сиздерди эл аралык карылар күнү менен Талас шаарынын мэриясынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Сиздердин басып өткөн байсалдуу жолуңуздар, ак мээнетиңиздер жана жаш муунга берген таалим-тарбияңыздар коомубуз үчүн баа жеткис мурас.

Эмгегиңиздер жана жашоодогу бай тажрыйбаңыздар кийинки муундар үчүн чоң өрнөк. Сиздердин акыл-насаатыңыздар, баталарыңыздар ар дайым элибизге дем-күч берип келет.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бейпил жашоо каалайбыз. Балдарыңыздардын, неберелериңиздердин сый-урматын көрүп, жакындарыңыздардын мээримине бөлөнүп, ар дайым төрдүн көркү болуп жүрө бериңиздер!

Урматтоо менен Талас шаарынын мэриясы