Талас шаарындагы Атай Огонбаев көчөсүнүн тургундарынын саркынды суу түтүктөрүнө кошулуу боюнча көтөргөн маселеси жеринде каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Жолугушууга Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Кожомуратов, шаардык кеңештин депутаттары жана жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүп жаткан подряддык компаниянын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар саркынды суу түтүкчөлөрү көчөнүн түндүк тарабына гана тартылып жатканын айтышып, бул жагдай түштүк тарабындагы үйлөр үчүн магистралдык түтүккө кошулуу процессинде техникалык кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн экенин билдиришти.
Көйгөйдү жеринде талкуулоонун жыйынтыгында, көчөнүн түштүк тарабына да кошумча саркынды суу түтүктөрүн тартуу чечими кабыл алынды.
Долбоорду ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттен жана тургундардын өздүк салымдарынын эсебинен камсыздалат. «Таза суу» муниципалдык ишканасы тарабынан техникалык колдоо көрсөтүлөт.