Бүгүн, 22-майда Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Кыргыз Республикасынын аялдар кыймылынын 100 жылдыгына жана Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – аялдардын коомдогу ордун таануу, алардын эмгегин даңазалоо жана энелерге болгон терең урмат-сыйды көрсөтүү болду.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, өз кесибине берилгендиги жана коомдук турмушка активдүү катышуусу үчүн ар кандай тармактардын өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматкерлери, коомдук бирикмелер, ишкерлер жана окуучулар Талас шаарынын мэриясынын “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык кат” сыйлыктары менен сыйланышты.
Сыйлыктарды Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков расмий түрдө тапшырышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданий концерттик программа уюштурулуп, чыгармачыл балдардын жана жаштардын аткаруусунда патриоттук жана элдик ырлар жаңырды.