Бүгүн, 10-мартта Талас шаарындагы калктын аялуу катмарына азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалдагы 10 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчалар таратылды.
Аталган жардам мэриянын демилгеси, ички иштер бөлүмүнүн көмөгү жана "Кызыл Ай" коомунун демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды.