2024-жылдын 12-ноябрында К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда “Улут наркы – эл баркы” аталышында жолугушуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чара диний агартуу кербенинин алкагында уюштурулуп, алгач Талас облусунда башталды. Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов катышып, өз сөзүндө облус аймагында диний багытта олуттуу иш аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, алдыда Талас шаарындагы борбордук мечитти жаңылоо иштери күтүлүп жатканына токтолду. Буга кошумча иш-чаранын катышуучуларын ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштерин колго алууга чакырып өттү.
Өз кезинде Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров биримдик, бир туугандык, ынтымак түшүнүктөрүнө терең токтолуп, буга кошумча үй-бүлө, тазалык, ысарапкерчилик маселелери боюнча баяндама жасады.
Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров дин тармагына кошкон зор салымдары, көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн диний тармактын өкүлдөрүнө, имамдарга ардак баракчаларды тапшырды.
Иш-чара тарбиялык маанидеги сахналаштырылган спектакль, видео тасмалар менен коштолду.