Бүгүн, 14-февралда Талас шаарынын борбордук аянтында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп өттү. Бул иш-чара Талас шаарынын мэриясынын жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, жергиликтүү дыйкан-фермерлер өз продукцияларын түз алып келип, ортомчусуз сатышты. Ал эми сатып алуучуларга базар баасына салыштырмалуу арзан баада сатып алууга шарт түзүлдү.
Жарманкеде сүт азыктарынан баштап, жашылча-жемиштер, эт, бал жана башка айыл чарба продукциялары кеңири ассортиментте сунушталды. Кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар каралып, эң керектүү азык-түлүктөрдү сапаттуу жана арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Дыйкандар жана ишкерлер өз продукциясын кеңири сатыкка коюп, кардарлар менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.