9-сентябрь күнү, Талас шаарынын мэри Б.Астанакулов шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында Талас шаарында аткарылып жаткан протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, КР Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражаттарынын колдонулушу, гранттардын негизинде оңдолуп жаткан билим берүү тармактарынын абалы каралды. Мындан тышкары, шаарды абаттоого, жашылдандырууга жана жергиликтүү тазалыкты камсыз кылууга байланыштуу тапшырмалар берилип, тротуар, жол маселелери жана башка аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Ошондой эле, күз-кыш мезгилине даярдыкты тездетүү жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган долбоорлорду өз убагында ишке ашырып, отчет тапшыруу боюнча тапшырмаларды берди.