Жаңылыктар

БАЛА БАКЧАДА ТАРБИЯЛАНЫП ЖАТКАН АР БИР БАЛА АМАНАТ

06.12.2024  16:00     Кароолор (57)

Балдар бакчасында тарбиячылар тарабынан наристелерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулук интернет айдыңында кеңири тарап, учурда коомдук талкуу жаратууда. Буга байланыштуу кечээ 5-декабрь күнү Талас шаарынын мэриясында мектепке чейинки билим берүү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйынга мэриянын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Талас ШИИБнин кызматкерлери катышышты. Анда бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жооптуу экени айтылып, балдарга карата зордук-зомбулукка жол берилбеши керектиги эскертилди. Буга кошумча Талас ШИИБ тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2-декабрь күнү соцтармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары балдарды сабап жатканы тууралуу видео тараган