Жаңылыктар

БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

17.02.2025  19:59     Кароолор (108)

Бүгүн, 17-февралда Талас шаарынын А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул иш-чара Талас шаарынын мэриясы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Талас шаардык прокуратурасы, Талас шаарынын ички иштер бөлүмү, Талас шаардык казыяты жана Талас райондук-шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулду. Жыйынга мектеп мугалимдери, ата-энелер, студенттер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында тарбиялык маанидеги видеороликтер көрсөтүлүп, мектептерде кездешкен рекетчилик, жол кыймылынын эрежелерин сактоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери кенен талкууланды. Ошондой эле, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү 14 жаштан баштап балдар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мыйзам бузууга жол бербөө үчүн ата-энелер менен мугалимдердин ролунун маанилүү экендигин баса белгилешти.

Талас шаардык казыятынын өкүлдөрү адеп-ахлактык тарбиянын маанисине токтолуп, балдардын туура тарбияланышы үчүн үй-бүлөдө жана коомдо тарбиялык иш-чараларды күчөтүү керектигин белгилешти. Ал эми билим берүү бөлүмү тарабынан, окуучулар арасында катталган акыркы окуяларга байланыштуу, ар бир мектепке өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкерлерине атайын кабинет бөлүп берүү жана алардын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылды.

Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында мындай иш-чаралар ар бир мектепте өткөрүлөт.