21-февраль күнү, Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма-театрында балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Өмүр гүлү» аталышындагы спектакль көрсөтүлдү. Бул иш-чара Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Спектаклдин негизги максаты – үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана өспүрүмдөрдүн патриоттук сезимин ойготуу. Коомдогу терс көрүнүштөрдү азайтуу максатында мындай иш-чаралар ар бир мектепте өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери жаштарга мыйзам бузуу жоопкерчилиги, кылмыштуулуктун кесепеттери жана туура жүрүм-турум тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар спектаклден соң бул темада талкуу жүргүзүп, өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча пикир алмашышты.
Талас шаарынын мэриясы жана ички иштер бөлүмү мындай профилактикалык иш-чараларды мындан ары да улантып, балдардын коопсуздугун камсыздоого жана алардын туура тарбияланышына өзгөчө көңүл бурат.