Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков Кытай Эл Республикасынан келген “Guma Robot” жана “Leyard Optoelectronic Co., Ltd” компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” оюн-зоок борборуна алып келине турган заманбап роботтор, куполдуу кинотеатр жана 12D LED экрандар презентацияланды. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, алардын көңүл ачуучу жайларда, маданий иш-чараларда колдонулушу боюнча кеңири айтып беришти.
Мындан тышкары, тараптар заманбап технологияларды шаар аймагында жайылтуу, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Аталган презентация Талас шаарына инновациялык технологияларды тартуу, жашоочулар үчүн жаңы форматтагы эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана туристтерди тартуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.