Жаңылыктар

Билим берүү мекемелериндеги оңдоп-түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүлдү

29.08.2025  15:00     Кароолор (4)

Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине көзөмөл жүргүздү. Жетекчи подрядчы компанияларга ишти сапаттуу кылууну эскертип, мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүү зарылдыгын белгиледи .

Оңдоп-түзөө иштери Талас шаары боюнча 5 мектеп жана 5 бала бакчада жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына даярдыктар көрүлүүдө. Каражат республикалык бюджеттен, дем берүүчү гранттын эсебинен жана жергиликтүү казынадан бөлүнгөн.