Жаңылыктар

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН САНИТАРДЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ

19.11.2024  12:52     Кароолор (26)

Талас шаарынын мэриясы шаардагы мектеп жана бала бакчалардын санитардык абалын жакшыртуу жана окуу процесстеринин талапка ылайык уюштурулушун көзөмөлдөө максатында атайын комиссия түзгөн.

2024-жылдын 19-ноябрында аталган комиссия курамы билим берүү мекемелеринин санитардык-гигиеналык абалын текшеришти. Мониторингдин жүрүшүндө санитардык нормалардын сакталышы, мектептин инфратүзүмү, ошондой эле окуу жайлардагы тарбиялык жана билим берүү программалары каралды.

Мындай чаралар аймактагы билим берүү сапатын жогорулатуу жана жаш муундарга коопсуз шарттарды камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.