Талас шаарынын мэриясы , шаардык кеңештин депутаттары жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүү мекемелери менен бала бакчалардын 2026–2027-окуу жылына даярдыгы текшерилди.
Мектептердеги жана бала бакчалардагы оңдоп-түзөө иштери, санитардык абалы, тамак-аштын сапаты белгиленген нормаларга жооп берүүсү, ошондой эле бала бакчалардагы күнүмдүк тамактануунун калориялуулугу, ата-энелер менен болгон байланыш маселелери каралды.
Текшерүү иштери Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектепте, С. Абдуллаев атындагы №6 орто мектеп, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби жана «Буратино», «Теремок», «Нагима апа» бала бакчаларында жүргүзүлдү.