Жаңылыктар

БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТТЕР – ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ

12.03.2025  17:17     Кароолор (9)

12-март күнү, Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма театрында зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чараны Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү уюштурду.

Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири талкуу жүрүп, окуучуларга жана мугалимдерге пайдалуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, мектептер арасында сынак уюштурулуп, анын жыйынтыгында:

-1-орун – Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;

-2-орун – К.Дарданов атындагы №3 орто мектеби;

-3-орун – №8 орто мектеби ээледи. Жеңүүчүлөргө Талас шаарынын мэриясы тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары, активдүү катышкан лицей-комплекс, №6 жана №5 орто мектептер да сыйлыктар менен сыйланды.

Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылууга жана билимдүү, зомбулуксуз коомду түзүүгө салым кошуу максатында өткөрүлдү.