Жаңылыктар

БОКС БОЮНЧА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАШ СПОРТЧУ СЫЙЛАНДЫ

17.09.2024  14:30     Кароолор (20)

2024-жылдын 27-августунан 10-сентябрга чейин Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында 35 кг салмак категориясында коло байгеге ээ болгон Ташкул Аменгелдиев Талас шаарынын мэриясы тарабынан “Ыраазчылык каты” жана 20 000 сомдук сертификат менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана мэрдин орун басары Эркин Аскаров жаш спортчуну куттукташып, алдыдагы мелдештерде да ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, бул Азия чемпионатына 26 өлкөдөн 462 мушкер катышкан. Ташкул Амангелдиев буга чейин өз салмагында 3 жолу Кыргызстандын чемпиону болгон.