Жаңылыктар

«БОШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР» ЖАРМАНКЕСИ

29.11.2024  18:40     Кароолор (25)

Талас шаарынын А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Талас шаарынын мэриясы, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган "Бош орундар жана кесиптер жарманкеси" болуп өттү.

"Бош орундар жана кесиптер жарманкеси" – бул иш берүүчүлөр менен жумуш издегендерди, ошондой эле кесип тандоо алдында турган жаштарды бир аянтчага чогулткан иш-чара. Мындай жарманкелерде катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

• Иш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланыш түзүү;

• Жумуш издегендер үчүн бош орундар жөнүндө маалымат алуу;

• Жаштарга жана студенттерге кесип тандоодо жардам берүү;

• Иш берүүчүлөр үчүн потенциалдуу кызматкерлерди изилдөө;

Жарманкени ачуу аземинде шаар мэри Байышбек Астанакулов туура кесип тандоо – бул адамдын жөндөмдөрүнө, кызыкчылыктарына, баалуулуктарына жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген кесипти тандоо процесси. Бул маанилүү чечим адамдын карьералык өсүшүнө, материалдык жыргалчылыгына жана жеке жашоосуна түздөн-түз таасир этерин баса белгилеп кетти.

Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришкендей азыркы убакта жумушсуз катары каттоодо 2 минден ашык адам турат. Бирок ошол эле убакта бош жумуш орундары да көп . Мисалы, Талас шаары боюнча 150 бош орун бар болсо, Талас районунда 167 бош орун. Ошондо баардыгы 317 бош иш орундары бар . Бош орундарга талдоо жүргүзө турган болсок негизинен медкызматкерлер жетишсиз экендигин көрүүгө болот.

Жарманкенин жүрүшүндө чет өлкөдөгү окутуу программалары жөнүндө маалымат берилип, викторина жана концерттик программа менен коштолду.