Жаңылыктар

Бүгүн Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандык милдетин аткарып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышып, добушун берди.

30.11.2025  08:40     Кароолор (18)

Ал Талас шаарындагы №2 Р. Рысакова атындагы орто мектебинде жайгашкан шайлоо участкасынын ачылышына катышып, добуш берүү процесси менен жеринен таанышты.

Талас шаары 16-округга тиешелүү болгондуктан, мэр Нургазы Асылбеков 17-округга катталгандыгына байланыштуу добушун Көк-Токой айылынан аралыктан берди.

Мэр шаар тургундарын өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү болгон бул саясий иш-чарага кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырды.