Бүгүн, 30-июнда Талас шаарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар салтанаттуу тапшырылды.
Иш-чара #1,#2 жана А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өтүп, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, мэриянын аппарат жетечиси Эрлан Жаманбалаев ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов катышты.
Салтанаттуу иш-чарада жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Талас облусу боюнча эң жогорку балл алган #2 Р. Рысакова атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ашымов Мансурга мэрия тарабынан акчалай сыйлык жана билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен тапшырылды Ал 231 упай топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болгон. Бүтүрүүчүнүн бул ийгилигин шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы баса белгилеп , ийгилик каалашты.
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган башка бүтүрүүчүлөр жана аларды даярдаган мугалимдер да сыйланды.