Жаңылыктар

БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өткөрүлдү

24.10.2025  11:55     Кароолор (23)

24-октябрда, Талас шаарындагы Камалбек Дарданов атындагы №3 орто мектебинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган класстык сааттар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында жогорку класстардын окуучуларына класс жетекчилери тарабынан сабактар өткөрүлдү. Анда БУУнун түзүлгөн тарыхы, дүйнөлүк тынчтыкты сактоодогу жана адам укуктарын коргоодогу ролу тууралуу маалыматтар берилди.

Мугалимдер мындай сабактар окуучуларды дүйнөлүк баалуулуктарды жана жарандык жоопкерчиликти түшүнүүгө үндөйт деп белгилешти.