Талас шаарында “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге, жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктын негизинде шаар аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жана кызыл сызыктан чыккан турак жайларды аныктоо иштери улантылууда.
Аталган иштердин алкагында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө тротуар жана аялдама курууга тоскоолдук кылган бир катар курулуштар жана жеке турак жайлар аныкталып, натыйжада кызыл сызыктан чыккан 11 объект катталды. Аталган объекттердин ээлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам чегинде курулуштарды жылдыруу тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага мэриянын юристи, экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү, ошондой эле муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, жеринде жарандар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Натыйжада тиешелүү маалыматтар берилип, мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгы эскертилди.