Талас шаарындагы күрөш боюнча өспүрүмдөр спорт мектебинин белгилүү машыктыруучусу Эсенбаев Бекжан Исаевич 45 жылдык эмгек жолун жыйынтыктап, ардактуу эс алууга чыкты. Ал жылдар бою эркин күрөштү өнүктүрүп, спортту жайылтууга зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында даярдалган спортчулар өлкө ичиндеги жана эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, Таластын атын таанытып келишкен.
Мектеп жамааты жана шаардын жетекчилиги агайга терең ыраазычылык билдирип, 12-ноябрь күнү салтанаттуу иш чарада ыраазычылык катын тапшырышты. Жаш машыктыруучулар үчүн анын ишмердиги чоң үлгү болуп калат.
Ошондой эле, аталган спорт мектебинин директору Т. Суйналиев ыраазычылык кат тапшырып жатып, Эсенбаев Бекжан Исаевичтин салымы эч качан унутулбай турганын белгиледи.