3-мартта депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбековдун төрагалыгынын астында, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз V сессиясы болуп өттү. Сессиянын күн тартибинде шаардык маанидеги бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Күн тартибиндеги маселелер:
1. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервге алынган жаңы курамын сунуштоо.
2. Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55, 55а, 55в дарегиндеги жалпы аянты 6.3018 га жер участогунун пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө:
- 3.5 га аянттагы жер тилкесин мектеп жана бала бакча куруу үчүн.
- 2.8018 га жер тилкесин мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн.
3. Талас шаарынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу, ошондой эле имараттардын жана курулуштардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптарды (дизайн-код) бекитүү жөнүндө. Анын алкагында шаардагы визуалдык эстетиканы жана архитектуралык талаптарды жакшыртууга багытталган.
4. Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсү № н-ж жана №224а даректериндеги жер участогун пайдалануу категориясын турак жай куруу максатында өзгөртүү.
Сессиянын жүрүшүндө каралган маселелердин бардыгы шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаарды көрктөндүрүүгө багытталган чечимдерди колдоп беришти.
Сессиянын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.