Жаңылыктар

ЭЛДИК ЖЫЙЫНДА КӨТӨРҮЛГӨН КАЙРЫЛУУЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

15.07.2026  16:15     Кароолор (27)

15-июлда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин төрагалыгы алдында укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

 Жыйында КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Талас шаарында өткөрүлгөн элдик жыйындарда жарандар тарабынан көтөрүлгөн кайрылуулардын аткарылышынын жүрүшү каралды.

 Шаардагы элдик жыйындарда жалпы 93 кайрылуу катталган. Анын 43 пайызы аткарылган. Калган кайрылуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүргүзүлүп, алардын аткарылышы көзөмөлдө турат.

 Жыйындын соңунда Эрмат Джумаев ар бир кайрылуу мыйзамдын негизинде өз убагында жана сапаттуу чечилиши керектигин белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалардын аткарылышын күчөтүүнү милдеттендирди.