Жаңылыктар

«ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫНАН МЕКЕНДЕГИ БИЗНЕСКЕ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ѲТТҮ

25.03.2025  16:42     Кароолор (7)

Бүгүн, 25-мартта Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаарынын мэриясынын социалдык сектору жана "Айкөл" Атуулдук Демилгелерди Өнүктүрүү Борбору менен биргеликте уюштурулган аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Эмгек миграциясынан мекендеги бизнеске” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Миграция агентствосу тарабынан каржыланып, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер, жергиликтүү ишкерлер жана миграциядан кайтып келген аялдар катышты.

Тегерек столдун алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:

• Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартиби жана анын мигранттарга тийгизген таасири;

• Мигрант аялдардын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү орду жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

• Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы №4 “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын аткарылышы;

• Финансылык сабаттуулук жана мигрант аялдардын ишкердикке аралашуусу;

• Бизнес-практикум: ишкердикти колдоо механизмдери жана практикалык сунуштар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) консультанттары практикалык кеңештерди берип, бир катар суроолорго жооп беришти.

Тегерек столдун жыйынтыгында мигрант аялдардын мекенинде ишкердик жүргүзүүсүнө жардам берүүчү конкреттүү чаралар аныкталды. Катышуучулар мамлекет тарабынан колдоо механизмдерин күчөтүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана жеңилдетилген насыя берүү шарттарын түзүү боюнча сунуштарын айтышты. Ошондой эле, ишкердикке аралашууга кызыкдар аялдар үчүн атайын окуу программаларын ишке ашыруу боюнча демилгелер көтөрүлдү.