Жаңылыктар

ЭНЕ – ЖАЛПЫ ЖУРТТУН СЫЙМЫГЫ АТТУУ ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ

05.03.2025  18:10     Кароолор (17)

Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Талас облустук А. Токтогулов атындагы китепканасында 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата "Эне – жалпы журттун сыймыгы" аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэриясынын социалдык секторунун башчысы Гүлмира Орозалиева, ошондой эле ар кыл тармактарда ийгиликтерге жетишкен мыкты айымдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 8-март майрамынын тарыхына токтолуп, К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актерлору көркөм окуу аткарышты. Ошондой эле "Эне – үйдүн куту" аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Тегерек столдун алкагында төмөнкү маанилүү темалар боюнча талкуу жүрдү:

-"Эне – улут уңгусу",

-"Коррупцияга жол жок",

-"Бейиш – энелердин таманы астында",

-"Улуттун келечеги – энелердин колунда",

-"Бешик терметкен кол – дүйнөнү башкарат".

Иш-чаранын негизги максаты – эненин үй-бүлөдөгү, коомдогу жана улуттун келечегиндеги ордун баса белгилеп, аялдардын коомдук турмушка кошкон салымын даңазалоо болду.