Талас шаарындагы №19 «Ералхан Абилдаев атындагы» бала бакчанын ишке киргенине беш жыл толду. Ага ылайык билим берүү мекемесинде майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Иш-чарага Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышып, тарбиячылардын балдар менен иштөөдө түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегин баалап, ийгилик жана бөбөктөргө кең келечек каалады. Ошондой эле Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Джохар Ералханов катышып, куттуктоолорун билдиришти.
Учурда аталган бала бакчада 13 тайпа иштеп, жалпы 390 бала тарбияланууда. Мекемеде 50 кызматкер эмгектенет.
Бала бакчанын жамааты беш жылдык эмгек жолунда балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүп, үзүрлүү эмгектенүүдө. #таласмэрмя