Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Талас облусундагы курулуш тармагындагы 5 өндүрүш ишканаларынан кабар алды . Алар Манас району,Талас району жана Талас шаарында жайгашкан. Өндүрүш объекттерине Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, мэр Байышбек Астанакулов , район акимдери жана ишкана жетекчилери барышты. Жолугушууда министрдин орун басары аталган ишканалардын ишмердүүлүгүн жогорулатууга, коопсуздук чараларын күчөтүүгө ички иштер органдарынын кызматкерлери көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган беш ишкананын үчөө Талас шаарынын мэриясына карайт. Алар асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор. Азыр курулуш Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы Кара-Дөбө участкасында жайгашып, 3 гектар аянтты түзөт. Асфальт заводу саатына 120 тонна асфальт, темир-бетон заводу саатына 100 тонна бетон буюмдарын жана таш майдалоочу завод саатына 100 тонна материал чыгарат. Заводду куруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштерин ушул жылдын сентябрда аяктоо мерчемделген. Заводдун ишке берилиши менен 60 жумуш орундары түзүлөт.
Калган 2 ишкананын бири Манас районунда жайгашкан. Ал «Талас Таш» ЖЧКсы. Бүгүнкү күндө гранитти иштетүүдө. Экинчи ишкана Талас районунда жайгашып, «ДНК Групп» ЖЧКсы тарабынан темир-бетон жана инерттүү материалдарды чыгарууга багытталган .
Белгилей кетсек, облустагы өндүрүш ишканаларынан ИИМдин кабар алуусунун себеби бар. Анткени КР Министрлер Кабинетинин аппараттык кеңешмесинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги №31-4 сандуу протоколдук тапшырмасынын негизинде, Талас облусу боюнча 2025-жылы ишке киргизиле турган 5 ишканага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков куратор болуп бекитилген.