Жаңылыктар

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАЛАСТЫК СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

07.08.2025  14:40     Кароолор (8)

Жергиликтүү бийлик жаштар жана чоӊдор арасындагы Азия биринчилигинде Талас шаарынын атын чыгарган спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады.

Эл аралык мелдештерде грек-рим күрөшүнөн жана бокстан ийгилик жараткан 6 спортчуга жана алардын машыктыруучулары акчалай сертификаттар тапшырылды.Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, шаардык кеӊештин төрагасы Калыс Жаныбеков баштаган депутаттар сыйлык ээлерин, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын куттуктап, мындан аркы кадамдарына ийгилик каалашты.