Ушул майрамга карата 5-июль күнү Капар Медетбеков атындагы драма театрында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Талас шаарынын мэриясы тарабынан медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан 11 кызматкерге Ардак грамота, ал эми бир дарыгерге акчалай сертификат тапшырылды.
Ошондой эле, Талас шаардык кеңеши тарабынан «Вита Мед ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун үч кызматкерине Ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Бул күн — адам өмүрүн сактап калууга жана элдин саламаттыгы үчүн тынбай эмгектенип келе жаткан бардык ак халатчандарга терең ыраазычылык билдире турган күн. Бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакубаттык каалайбыз!