Жаңылыктар

Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоонун (кайра каттоонун) тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

16.02.2026  17:38     Кароолор (5)

Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери

жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз

Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу

ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”

токтомунун 21-пунктунун 4-пунктчасына жана Кыргыз

Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-

ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Министерлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги жөнүндө

Жобого ылайык, буйрук кылам:

1. Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты жергиликтүү өз

алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоонун (кайра каттоонун)

тартиби жөнүндө Жобосу (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык

бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык

жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты каттоодо (кайра каттоодо) ушул

Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым

укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар бул буйрукту сайттарга жайгаштыруу аркылуу

өздөрүнүн карамагындагы аймактардын калкынын көңүлүн бурууга көмөк

көрсөтүшсүн.

01-25/297, 15.08.2025

Кол койгон: Базарбаев К.Б.4. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо

бөлүмү бул буйрукту Агенттиктин расмий сайтына жарыяласын.

5. Агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмү ушул буйрукту

Агенттиктин сайтына жайгаштырылган күндөн тартып беш жумушчу

күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки

нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук

түрдө, расмий жарыялоо булактары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү

менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын

Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин

директорунун орун басары Э.Н. Иргебаевге жүктөлсүн.

7. Бул буйрук Агенттиктин сайтында расмий жарыяланган күндөн

тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.