Бүгүн, 3-сентябрда, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Кабыл алууда калаа башчысы ар бир жарандын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.
Жарандар талаштуу жер-үй маселелери, ишкерлерди колдоо, 7-апрель баатырларды эскерүү көрнөк-жарнактары, “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин сунуштамалары жана башка маанилүү маселелерди көтөрүштү.
Байышбек Астанакулов бул маселелер боюнча тиешелүү чечүү жолдорун сунуштап, жакынкы күндөрдө зарыл аракеттер көрүлөрүн айтты.
Белгилей кетсек, калаа башчы жарандарды ар шейшемби күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин кабыл алат.