Жаңылыктар

КАЛАА БАШЧЫ МЕКТЕПТЕРДЕГИ ОҢДОО ИШТЕРИН ТЕЗДЕТҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

23.10.2024  16:00     Кароолор (13)

Калаа башчы Байышбек Астанакулов №5 мектепте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштерин текшерип, ремонтту тездетүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Оңдоо иштеринин сапаттуу жана убагында бүткөрүлүшү шаар жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары, К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин отканасы да толугу менен капиталдык оңдолуп жатат. Эскилиги жеткен 2 от меши жаңыртылып, вентиляция системасы жана жылуулук түтүктөрү оңдолууда. Бул иштер жергиликтүү бюджеттен каржыланып, «РИАСТ» ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.